"Ден cоолук" Саламаттык сактоо системасын реформалоонун Улуттук программасы
  • Russian (RU)
  • Кыргыз (KG)
  • English (UK)
  • Ден cоолук
  • Техникалык кароо
  • Саммиттер
  • Конференциялар жана семинарлар
  • Отчеттор
  • Мониторинг жана баалоо
  • Башка программалар

Ден cоолук

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдарга «Ден соолук» Улуттук программасы

  • Print
  • Email

   Кыргыз Республикасында “Денсоолук” саламаттык сактоо системасын реформалоо Улуттук программасы  2012-2016-жылдарга карата иштелип чыккан жана  буга чейинки Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча “Манас” (1996-2005-ж.ж.) жана “Манас таалими” (2006-2011-ж.ж.)  улуттук программаларынын уландысы болуп саналат.   
  “Денсоолук” программасы ДСУ жана SWAp алкагында жигердүү аракет кылган Өнүктүрүү боюнча башка Өнөктөштөрдүн жардамы менен  КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги астында иштелип чыккан. Аталган Программаны талкуулоого улуттук жана аймактык деңгээлдеги саламаттык сактоо адистери, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдары жана жарандык коомчулук кеңири тартылды.   
  “Денсоолук” Программасынын миссиясы социалдык статусуна жана гендердик өзгөчөлүгүнө карабай  республиканын калкынын жана ар бир адамдын жеке саламаттыгын чыңдоо жана коргоо үчүн  керектүү шарттарды  түзүү болуп саналат.  Калктын ооруу жана өлүмдүүлүк  структурасына, ошондой эле, Миң жылдыктын Өнүгүү максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасында кабыл алынган  милдеттерге негизделген “Денсоолук” Программасынын алкагында  ишмердүүлүктүн артыкчылыкка ээ болгон 4 багыты тандалып алынган:    жүрөк-кан тамыр ооруулары, эненин жана баланын ден-солугун коргоо, кургак учук жана АИВ-инфекциясы.
   “Денсоолук” Программасы саламаттык сактоону реформалоо боюнча буга чейинки Улуттук Программалардын жетишкендиктерине,  күчтүү тараптарга негизделет жана  өзгөчөлөнгөн 4 мүнөзгө ээ:     

  •  «Денсоолук» Программасынын структурасы ар бир багыт боюнча күтүлгөн жыйынтыктарды так белгилөө менен бекитилген артыкчылыктарын эске алат;    
  •  Бардык программалык ишкердик калктын саламаттык көрсөткүчүн жакшыртууда макулдашылган, күтүлгөн жыйынтыктар менен аныкталат;    
  •  Жекече жана популяциялык деңгээлде  сунушталган медициналык  кызматтын  негитзги сапатын жакшыртуу  аталган Программанын  негизи болуп саналат;   
  •  Саламаттык сактоо системасын күчөтүү  артыкчылыкка ээ болгон 4 багыт боюнча  негизги кызматты сунуштоого бут тоскон тоскоолдуктарды жоюуга катуу талап менен багытталат.   

 

 

  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдарга «Ден соолук» Улуттук программасы                                                                                                                                                      

   

Hits: 4986

  • Ден cоолук
  • Техникалык кароо
  • Саммиттер
  • Конференциялар жана семинарлар
  • "Ден-Соолукту" ишке ашыруу боюнча отчеттор
  • Мониторинг жана баалоо
  • Ден-Соолукка байланыштуу башка программалар
  • Жардам көрсөткөн уюмдардын даректери
Submit to FacebookSubmit to Google BookmarksSubmit to TwitterSubmit to LinkedInSubmit to MoymirSubmit to OdnoklassnikiSubmit to Vkcom

ODA1